11-берене. Гарантиялардын (кепилдиктердин) берилиши
Күчүн жоготкон · 12.04.2019 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 12 апреля 2019 года № 45.
1. Гарантиялык фонд тарабынан кепилдиктерди берүү Баалоо комиссиясынын чечиминин негизинде ушул Мыйзам жана гарантияларды берүү регламенти менен аныкталган тартипте жана шарттарда гарантиялык фонддун, финансы-кредиттик мекеменин жана чакан жана орто ишкерликтин субъектисинин ортосунда гарантиялык (кепилдик) келишимин түзүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. Баалоо комиссиянын курамы гарантиялык фонддордун катышуучулары тарабынан аныкталат. Баалоо комиссиясынын мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө гарантиялык фонддордун жогорку башкаруу органдары тарабынан дайындалат.
3. Гарантиялык фонддун гарантиясы (кепилдиги) менен камсыз кылынуучу чакан жана орто ишкердиктин субъектилеринин милдеттенмелерин тандоо жана ушул субъекттерге талаптар ушул Мыйзамда жана гарантиялык фонддун уставында белгиленген тартипте жана шарттарда ишке ашырылат.
4. Банк гарантиялык фондунан гарантияларды (кепилдиктерди) гарантиялык фондунун жана финансы-кредиттик мекемесинин ортосундагы макулдашуу боюнча белгиленген мультипликатордун коэффициенти боюнча кабыл алат.
Берененин тексти 12.04.2019 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203976/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>