# 1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203976)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 167 "Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 167
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.04.2019
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 12 апреля 2019 года № 45 "О гарантийных фондах в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/111890)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4904/edition/940802/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203976/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.04.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы гарантиялык фонддор жөнүндө, 1-берене (12.04.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-1

---

Гарантиялык фонд - бизнести өнүктүрүүгө, өндүрүштү кеңейтүүгө, негизги каражаттарды сатып алууга жана модернизациялоого, жаңы технологияларды ишке киргизүүгө, инновациялык ишке жана гарантияларды (кепилдиктерди) берүү жолу менен жаңы ишканаларды ачууга багытталган банк кредиттерине чакан жана орто ишкердиктин субъектилеринин жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында ушул Мыйзамда каралган уюштуруу-укуктук формада түзүлгөн юридикалык жак. Финансылык-кредиттик мекемелер - өздөрүнө берилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын лицензияларынын негизинде банктык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу болгон, гарантиялык фонд менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзгөн же түзүүгө ниеттенген жана чакан жана орто ишкердиктин субъекттерине кредит берген банктар, чакан финансылык уюмдар. Гарантиялык капитал - гарантияларды (кепилдиктерди) берүү аркылуу чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин кредиторлордун алдындагы милдеттенмесин аткарышын камсыз кылуу үчүн гарантиялык фонд тарабынан топтолгон финансылык ресурстардын жыйындысы. Чакан жана орто ишкердиктин субъектисинин милдеттенмелери - кредиттик келишимдер боюнча жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык келип чыккан чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин милдеттенмелери. Гарантия (кепилдик) - кредиттик келишим, лизинг келишими (мындан ары - кредиттик келишим) боюнча чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин финансылык-кредиттик мекеменин алдында милдеттенмелерин аткарышына гарантиялык фонддун жооп берүүгө жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси. Гарантиялык учур - чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин кредиттик келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбоо фактысы. Гарантияларды (кепилдиктерди) берүүнүн регламенти - гарантиялык фонддун ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилүүчү жана гарантияларды (кепилдиктерди) берүү тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу документ. Чакан жана орто ишкердиктин субъекттери - юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген жеке жактар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган коммерциялык уюмдар жана ишканалар. Кардар - гарантиялык фонддун гарантиялык камсыз кылуу (кепилдик) үлүшү бар финансылык-кредиттик мекеме менен кредиттик, лизингдик келишим түзгөн чакан жана орто ишкердиктин субъекттери. Мультипликатор коэффициенти - финансылык-кредиттик мекемени кабыл алууга даяр болгон гарантиялык фонддун гарантияларынын (кепилдиктеринин) көлөмүнүн гарантиялык фонддун аталган мекемедеги каражаттарынан жогорулоо коэффициенти. Гарантиялык иш - гарантиялык фонддордун кардарларга гарантияларды (кепилдиктерди) берүүгө багытталган иши. Гарантиялык фонддордун катышуучулары - уюштуруучулар, акционерлер, пайчылар жана гарантиялык фонддордун мүчөлөрү. Регресстик талап - гарантиялык фонддун кардардан гарантия (кепилдик) келишими боюнча милдеттенмени аткаруу үчүн финансылык-кредиттик мекемеге төлөнгөн сумманын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укугу.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203976/st-2)
