# КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 164
- Кабыл алынган күнү: 30.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203973>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4901/edition/1119848/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203973.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 30-июлундагы № 164 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203973

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 30-июлу № 164

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203973/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Ведомосттору 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [167-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203973/st-167)

төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын: "41) Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматчыларын, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди - Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын акчалай күтүү.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203973/st-2)

Ушул Мыйзамда баяндалган Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын кызматчыларын, мамлекеттик кызматчыларды жана башка кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринде, ошондой эле чет өлкөлөрдө жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлчүлүктөрүндө же эл аралык уюмдарда иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарын акчалай күтүүнү киреше салыгы алынбоочу кирешелердин тизмегине киргизүүнү караган 167-берененин 41-пунктунун жоболорунун колдонулушу ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин келип чыккан салыктык укук мамилелерине жайылтылаары да белгиленсин.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203973/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
