# 6-берене. Пайыздык коюмдарды чектөө

- Документ: [Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203972)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203972#diff=10141..40706>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203972/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4900/edition/477775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203972/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө, 6-берене (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203972/st-6

---

1. Чектүү жол берилген пайыздын/үстөк баанын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталуучу орточо өлчөнгөн номиналдык пайыздык коюмга жараша эсептелет, ага 12 пайыз кошулат.

Ломбарддын зайымынын жол берилген жылдык натыйжалуу пайыздык коюмунун өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык коюмга жараша эсептелип, ага 12 пайыз кошулат.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу банктардын жана башка финансы-насыялык уюмдардын колдонуудагы кредиттери/каржылоо боюнча орточо өлчөнгөн номиналдык пайыздык коюм Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жарым жылдык негизде эсептелет жана анын расмий веб-сайтында жарыяланат.

Орточо салмактап алынган коюмдун пайызын эсептөөнүн усулу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталат.

3. Сүткорлук иште зайымчы насыячынын алдындагы милдеттенмелерин аткарбаган учурда зайымчынын күрөө мүлкүн алып коюу сот тартибинде гана жүргүзүлөт.

4. Зайымчынын насыячы алдындагы акчалай жана/же материалдык милдеттенмелерин аныктоодо насыянын же зайымдын/каржылоонун бүткүл иштөө мезгили үчүн эсептелген үстөк айыптын (айып пулдардын, туумдардын) өлчөмү, эгерде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактар үчүн банк мыйзамдарында башкача белгиленбесе, берилген кредиттин же зайымдын/каржылоонун суммасынын 20 пайызынан ашпоого тийиш.

5. Сот тартибинде кредит келишими же зайым келишими боюнча пайыздар боюнча, каржылоо келишими боюнча үстөк баа боюнча зайымчынын карызынын суммасын аныктоодо, эгерде кредиттик келишим же зайым келишими/каржылоо келишими боюнча, кредит боюнча же зайым боюнча бир кыйла төмөн пайыздык коюм/каржылоо келишими боюнча үстөк баа белгиленбесе, сот ушул Мыйзамга ылайык келишим түзүлгөн датага карата аныкталган чектүү жол берилген пайызды/үстөк бааны колдонот.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык, эгерде насыя келишиминде/каржылоо келишиминде жол берилүүчү чектен ашкан пайыздын коюмдун/үстөк баанын (жылдык номиналдык пайыздык мааниде) өлчөмү аныкталса, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын көзөмөлүндөгү жактарга карата таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу. (КР 2024-жылдын 23-майындагы № 88, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203972/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203972/st-7)
