# 5-берене. Зайымчынын насыячы менен өз ара мамилелери

- Документ: [Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203972)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 163 "Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 163
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 октября 2025 года № 238 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам банковских правоотношений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034391)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203972#diff=10141..40706>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203972/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4900/edition/477775/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203972/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө, 5-берене (28.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203972/st-5

---

1. Зайымчынын насыячы менен мамилелери насыя келишиминин же зайым келишиминин, каржылоо келишиминин негизинде (кагаз же электрондук түрдө), жарандык мыйзамдардын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Келишимде келишим түзүп жаткан тараптардын негизги шарттары: башкача айтканда келишимдин предмети; тараптардын укугу, милдеттери жана жоопкерчилиги; насыя, зайым боюнча пайыздарды төлөөнүн шарттары жана тартиби; каржылоо боюнча үстөк баалар; жылдык эсептөөдөгү гана пайыздык коюмдун/үстөк баанын өлчөмү; операцияларды жүргүзүү үчүн коюмдар жана/же тарифтер; келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн тартиби; мөөнөттөр; келишимдин шарттарын аткарбагандыгы, өз убагында аткарбагандыгы үчүн санкциялар; тараптардын келишүүсү боюнча башка шарттары каралат.

(КР 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203972/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203972/st-6)
