# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203971)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 162 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203971/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4899/edition/477773/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203971/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө, 1-берене (24.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203971/st-1

---

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 725-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-пункттар менен толукталсын:

"4. Эгерде сумма эсептик көрсөткүчтөн беш жүз эседен ашса, заем келишими нотариаттык түрдө түзүлүүгө тийиш.

5. Заем келишиминин нотариаттык түрүн сактабагандык анын анык эместигине алып келет. Кредит берүүчү ал боюнча нотариаттык түр сакталбаган заем келишими боюнча пайыздарды төлөөнү талап кылууга укуксуз.".

2. 726-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:

"6. Эгерде заем келишиминде сүткорлук пайыздык ставкалар белгиленсе, анда сот аларды мыйзам менен белгиленген тартипте аныкталган чектик жол берилген пайыздын алкагында карайт.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203971/st-2)
