1-берене
Күчүндө · 24.07.2013 редакциясы
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-1-статьянын 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 21-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук баш кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда - эркектер баш кийимсиз), мында Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат.". берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Мамлекеттик гимнди аткарууда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин көтөрүүдө (алып чыгууда) формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчылары жана башка адамдар үчүн жүрүм-турум эрежелери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленет.".
Берененин тексти 24.07.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөЗакон · 17.07.2004 · № 91
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203970/st-1" title="1-берене - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>