# КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 161 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 161 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 161
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203970>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4898/edition/477771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203970.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 161 ""Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (24.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203970

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 24-июлу № 161

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203970/st-1)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 3-1-статьянын 3-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 21-статьяда:

1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни расмий аткарылганда катышып жаткандар аны турган бойдон угат (улуттук баш кийимди жана диний ынанымдары жылаңбаш туруу сыйлабоо актысы катары каралган адамдардын атайын баш кийимин албаганда - эркектер баш кийимсиз), мында Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин ырдайт жана оң колун төшүнүн сол ыптасына коюп турат.". берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Мамлекеттик гимнди аткарууда жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин көтөрүүдө (алып чыгууда) формалык кийим кийип жүрүү каралган аскер кызматчылары жана башка адамдар үчүн жүрүм-турум эрежелери Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жалпы аскердик уставдарында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленет.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203970/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
