Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-30.
КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 24-июлу № 158 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 529-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 13-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он бешинчи абзац менен толукталсын:
"- терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестрин жүргүзөт;".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-статья менен толукталсын:
"16-1-статья. Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестри
Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестри ушул Мыйзамдын 31-статьясынын "д-з" жана "н" пункттарында каралган негиздер боюнча мурда ээлеген кызмат орундарынан бошотулган мамлекеттик кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт. Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Терс негиздер боюнча мамлекеттик кызматтан бошотулган адамдардын Реестри бош администрациялык кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылышы мүмкүн. Реестрдин маалыматтары талаптануучуну жумушка алууда баш тартуу үчүн негиз катары кызмат кылуусу мүмкүн эмес.".
3. 31-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Мамлекеттик кызматчынын наамын булгаганына байланыштуу мамлекеттик органдын демилгеси боюнча мамлекеттик кызматчыны ушул статьянын "д-з" жана "н" пункттарында каралган негиздер боюнча бошотууда аталган орган жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ошол маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Мамлекеттик органдын мамлекеттик кызматчыны ушул статьянын 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча кызматтан бошотуу жөнүндө чечими соттун күчүнө кирген актысы менен жокко чыгарылса, мамлекеттик орган жети күндүк мөөнөттө мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга бул жөнүндө маалымдоого милдеттүү.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Президентине өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү сунушталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-декабрындагы № 712 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 18.12.2014 · № 712 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик кызмат жөнүндөЗакон · 11.08.2004 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 30.05.2016 · № 75 · Күчүн жоготкон