# КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 156 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 156 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 156
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203965>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4893/edition/477760/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203965.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 24-июлундагы № 156 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203965

---

КР 2024-жылдын 6-мартындагы N 69 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 24-июлу № 156

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясынын ылайык)

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203965/st-1)

"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору 1998-ж., № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

### [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203965/st-6)

төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө, сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензияларды берүү.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203965/st-2)

(КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамынын редакциясынын ылайык күчүн жоготту)

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203965/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
