# 9-берене. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278719..1278720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 9-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-9

---

Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуунун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мамлекеттин, автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруучу жана кызматтарды көрсөтүүчү автомобиль транспортунун жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызматтарынан пайдалануучулардын кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу;

2) чарба жүргүзүүчү субъекттердин жана калктын автомобилдик ташууларга жана транспорттук кызматтарга муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү;

3) жеке жана юридикалык жактардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле мамлекеттин улуттук кызыкчылыктарын коргоо;

4) эл аралык автомобилдик ташуулар рыногунда ата мекендик ташуучулардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;

5) автомобиль транспортундагы ишти мамлекеттик жөнгө салуунун социалдык багытталгандыгы, коомдук кызыкчылыктардын артыкчылыгын камсыз кылуу, автотранспорт кызматтарынын ички рыногун коргоо;

6) автотранспорт кызматтарынын рыногунда тең атаандаштык шарттарды белгилөө жана алардын аткарылышын камсыз кылуу;

7) автотранспорт ишинин чөйрөсүндө тейлөөнүн жогорку деңгээлине жетишүү жана аны камсыз кылуу;

8) автомобиль ташууларын коопсуз аткаруу үчүн шарттарды түзүү;

9) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортуна тарифтик саясатты түзүү.

(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-10)
