# 6-берене. Ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүгүндө ташуучуларга жана автотранспорт каражаттарына коюлуучу талаптар

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278719..1278720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 6-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-6

---

1. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү ташууга төмөнкүлөрү бар ташуучуларга жол берилет:

1) алардын квалификациясын жана кесиптик жарактуулугун ырастаган документтери;

2) ташуулардын тиешелүү түрүн жүзөгө ашырууга жарактуу жана ЕАЭБдин "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу" техникалык регламентинин талаптарына жооп берген автотранспорт каражаттары;

3) автомобилдик ташууларды аткарууда коопсуздуктун талаптарын камсыз кылуу үчүн жооптуу кызмат адамдарынын мамлекеттик аттестациясынын (дипломунун) бар экенин ырастоочу документтери;

4) (КР 2022-жылдын 24-октябрындагы №99 Мыйзамынын редакциясына ылайык күчүн жоготту)

2. Автотранспорт каражаттарынын - кооптуулугу жогорку булактын ээлери катары ташуучулар жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, ташылып бараткан мүлктүн сакталышын, транспорт каражаттарынын кыймылынын коопсуздугун, жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү ташуу үчүн арналган автотранспорт каражаттарынын талаптагыдай техникалык абалын, айдоочулардын эмгегинин жана эс алуусунун режиминин сакталышын жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылууга милдеттүү.

3. Автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташууга тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү бар жана үч жылдан кем эмес кесиптик иш стажы бар айдоочуларга жол берилет.

4. (КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Автобустарда жүктөрдү, анын ичинде жол жүгүн жол жүгүнүн бөлүгүнөн тышкары ташууга тыюу салынат.

6. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн автомобилдин огуна карата алганда рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автомобилдерди пайдаланууга тыюу салынат.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 7-р (Жаран Мирлан Зарлыкович Мусаевдин кайрылуусуна байланыштуу "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 6-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча) чечими. Көңүл буруңуздар! Мыйзамдын 56-беренесине ылайык 6-бөлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет

7. Узундугу боюнча жана жүргүнчүлөр үчүн орундардын саны боюнча автобустар төмөнкү класстарга бөлүнөт:

1) өзгөчө чакан класс (6,9 м чейин) - отуруу үчүн 9дан 16га чейинки орун;

2) чакан класс (7,0 - 7,5 м) - отуруу үчүн 17ден 25ке чейинки орун;

3) орто (8,0 - 10,4 м) - отуруу үчүн 26дан 35ке чейинки орун;

4) чоң класс (10,5 - 12,0 м) - отуруу үчүн 36дан 45ке чейинки орун;

5) өзгөчө чоң класс (16,5 м жана андан ашык) - отуруу үчүн 46дан ашык орун.

(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-7)
