# 55-берене. Доонун эскирүү мөөнөтү

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 55-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-55

---

Доонун эскирүү мөөнөтү жүргүнчүнү ташуу келишиминен келип чыгуучу талаптар боюнча үч жылга белгиленет, ал эми жүктү ташуу келишиминен, жалдоо келишимдеринен келип чыгуучу талаптар боюнча бир жылга белгиленет. Көрсөтүлгөн мөөнөттөр доомат же доо коюу үчүн негиз болуп кызмат кылган, анын ичинде төмөнкүлөргө карата окуя болгон күндөн тартып эсептелет:

1) жол жүгүнүн, жүктүн жетпей калгандыгы, бузулгандыгы (керектен чыккандыгы) менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жол жүгү, жүк берилген күндөн тартып;

2) жүктү жоготуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жол жүгү жоголду деп таанылган күндөн тартып;

3) жүктүн жоголушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жүк жоголду деп таанылган күндөн тартып;

4) жол жүгүн жеткирүү мөөнөтүн создуктуруу кол жүгү, жүк берилген күндөн тартып.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-56)
