# 53-берене. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата дооматтарды кароонун тартиби

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 53-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-53

---

1. Ташуучулар, жалдануучулар өздөрүнө коюлган дооматтарды кароого жана аларды кароонун натыйжалары жөнүндө арыздануучуларга тиешелүү доомат алынган күндөн тартып отуз күндүн ичинде жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү.

2. Ташуучу, жалдануучу арыздануучунун даттануусун жарым-жартылай канааттандырганда же четке какканда, кабарлоодо алар тарабынан мындай чечим кабыл алуунун негиздери ушул Мыйзамга ылайык көрсөтүлүүгө тийиш. Бул учурда доомат менен бирге берилген документтер арыздануучуга кайтарылып берилет.

3. Эгерде дооматты кароодо жүк кайра даректелген же болбосо жүк жөнөтүүчүнүн же баштапкы жүк алуучунун арызы боюнча башка жүк алуучуга берилгендиги белгиленсе, доомат жүктү берүүнүн ордун убактысын жана анын арызы боюнча жүктү кайра даректөө же берүү жүргүзүлгөн адамды көрсөтүү менен арыздануучунун иш жүзүндө жүк алуучу же анын арызы боюнча жүктү кайра даректөө же берүү жүргүзүлгөн адам менен түздөн-түз эсептешүү үчүн кайтарылып берилет.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-54)
