# 52-берене. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата дооматтарды коюунун тартиби

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 52-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-52

---

1. Жүргүнчүлөрдү ташуу келишимдеринен же жалдоо келишимдеринен келип чыгуучу ташуучуларга, жалдануучуларга карата доолорду коюуга чейин мындай адамдарга карата дооматтар коюлушу мүмкүн.

2. Жүктөрдү ташуу келишимдеринен келин чыгуучу дооматтарды ташуучуларга карата коюуга чейин мындай адамдарга карата дооматтар милдеттүү тартипте коюлат.

3. Ташуучуларга, жалдануучуларга сотко чейин доомат коюуга ташуу келшимдерин, жалдоо келишимдерин түзгөн адамдар, жүк алуучулар, ошондой эле ташуучулар, жалдануучулар тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу, жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн, жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттарын берүү боюнча өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбагандыгына байланыштуу камсыздандыруу ордун толтуруусун төлөп берген камсыздандырылуучулар укуктуу.

4. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата дооматтар камсыздандыруучулар тарабынан ташуу келишимдерин, жалдоо келишимдерин түзгөн адамдар, жүк алуучулар тарабынан коюлуучу даттануулар үчүн белгиленген тартипте коюлат.

5. Дооматтарды жол-жоболоштуруунун тартиби жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери, жүктөдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

6. Ташуучуларга, жалдануучуларга карата дооматтар доомат коюунун мөөнөтү эскирип кеткиче коюлушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-53)
