# 5-берене. Мобилизациялык даярдыкты камсыз кылуу жана өзгөчө кырдаалдарды жоюуга карата автомобиль транспортун тартуу

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278719..1278720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 5-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-5

---

1. Автомобиль транспортунун мобилизациялык даярдыгы мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик бийлик органдары ташуучулардын чарбалык ишине кийлигишүүгө, ошондой эле алардын эксплуатациялык кызматкерлерин башка жумуштарга тартууга укуксуз.

3. Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгондо, ошондой эле өзгөчө абал киргизилгенде мамлекеттик органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде өзгөчө кырдаалдарды жоюуга байланыштуу жумуштарды аткарууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте материалдык чыгымдардын жана зыяндын ордун милдеттүү толтуруу менен ташуучуларды тартууга укуктуу.

4. Автомобиль транспортунун мобилизациялык даярдыгы боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Автомобиль транспортунун мобилизациялык даярдыгын камсыз кылууга жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды жана кырсыктык-куткаруучу иштерди аткарууга байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-6)
