# 46-берене. Эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруу тартибин сактоого мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278723..1278724>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 46-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-46

---

1. Автомобилдик катнашуулар жөнүндө эл аралык келишимдердин талаптарынын сакталышына жана лицензиялык шарттардын сакталышына мамлекеттик көзөмөл транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жаатындагы мыйзамдарынын, транспорт каражаттарын пайдаланууда жол кыймылынын коопсуздугу жана экология боюнча талаптардын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алардын компетенциясынын чектеринде жүзөгө ашырылат.

3. Чет өлкөлүк авто ташуучу тарабынан автомобилдик катнаштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелери бузулганда, транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы, ал эми Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган бузуулардын кошумча укуктук кесепеттерин колдонот.

4. Чет өлкөлүк ташуучунун Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө жана аймагынан чыгуусуна качан гана ал автомобилдик катнаштар жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин эрежелерин бузууну жойгондон кийин, Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу эл аралык автомобиль ташууларды жүзөгө ашырууга тиешелүү уруксаттарды жана салынган айып пулду төлөгөндүгүн ырастоочу документти көрсөткөндөн кийин гана жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын, ал эми Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында - бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын уруксатынан кийин гана жол берилет.

Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган маалыматтык тутум аркылуу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык автомобилдик катнаштар жөнүндө эл аралык келишимдердин ченемдерин сактоону камсыз кылуу максатында чет өлкөлүк ташуучулардын кирүүсү, чыгуусу жана транзиттик жүрүүсү жөнүндө маалыматты транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга онлайн режиминде берүүнү камсыз кылат. (КР 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-47)
