# 44-берене. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулары

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278723..1278724>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 44-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-44

---

1. Чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эл аралык автомобилдик ташуулары эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, кыргыз уруксаттарына жана көп тараптуу уруксаттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Чет өлкөлүк ташуучуларга кыргыз уруксаттарын, ошондой эле кыргыз ташуучуларына мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Эл аралык келишимдерде өз ара шарттарда эл аралык автомобилдик ташууларды уруксатсыз жүзөгө ашыруу каралышы мүмкүн.

4. Эл аралык автомобиль катнашуусу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык эл аралык автомобиль ташууларын жүзөгө ашыруу үчүн талап кылынган уруксаттар жана башка документтер автотранспорт каражаттарынын айдоочуларында болууга жана автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын талабы боюнча көрсөтүлүүгө тийиш.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда чет өлкөлүк ташуучу тарабынан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга жол берилбейт.

6. Чет өлкөлүк ташуучуга таандык болгон транспорт каражаты менен Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү мамлекеттин аймагына, же үчүнчү мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына эл аралык автомобиль ташуулары эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, уруксаттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-45)
