# 38-берене. Жүктү жеткирүүнүн мөөнөттөрү

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 38-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-38

---

1. Ташуучулар жүктөрдү жүк ташуу келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө жеткирүүнү, ал эми эгерде жүк ташуу келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттөр белгиленбесе, жүктөрдү ташуу келишиминде белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырууга милдеттүү.

2. Ташуучу жүктү жеткирүүнү кечиктирүү жөнүндө жүк жөнөтүүчүгө жана жүк алуучуга маалымдоого милдеттүү.

3. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, жүк жөнөтүүчү жана жүк алуучу, эгерде ал жүк алуучунун талабы боюнча:

1) шаардык жана шаар четиндеги катнашуулардагы ташууларда ташуу үчүн жүк кабыл алынган күндөн тартып он күндүн ичинде;

2) шаарлар аралык катнашуудагы ташууда жүк алуучуга жеткирилүүгө тийиш болгон күндөн тартып отуз күндүн ичинде ага берилбесе, жүктү жоголду деп эсептөөгө жана жоголгон жүк үчүн зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-39)
