# 36-берене. Жүктүн массасын аныктоо

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 36-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-36

---

1. Жүк жөнөтүүчү жүктү бергенде жана кулатып, чубуртуп салынган, куюлган же контейнерлерде ташылуучу жүктөрдү ташуучу тарабынан кабыл алууда алардын массасы аныкталууга жана тиешелүү транспорттук жүк баракчаларында көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Тарадагы же таңгактагы жүктөр, ошондой эле даана түрүндөгү жүктөр транспорттук баракчаларда жүктүн массасын жана жүк орундарынын санын көрсөтүү менен ташуу үчүн кабыл алынат. Тарадагы же таңгактагы жүктөрдүн массасы, ошондой эле даана түрүндөгү жүктөрдүн массасы аларды ташуу үчүн бергенге чейин жүк жөнөтүүчү тарабынан аныкталат. Жүктөрдүн массасын аныктоонун тартиби жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленет.

3. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача белгиленбесе, транспорт баракчадагы аны аныктоонун ыкмасын көрсөтүү менен жүктүн массасы жөнүндө жазуу жүк жөнөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Жүктүн массасы жүк жөнөтүүчү тарабынан ташуучунун көзүнчө, ал эми, эгерде жөнөтүү пункту ташуучунун терминалы болуп саналса - ташуучу тарабынан жүк жөнөтүүчүнүн көзүнчө аныкталат.

5. Жүктү жүк жөнөтүүчү тарабынан пломба коюлган жабык транспорт каражатында, контейнерде ташууда жүктүн массасы жүк жөнөтүүчү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-37)
