# 34-берене. Ташуу үчүн жүктү көрсөтүү жана кабыл алуу

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 34-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-34

---

1. Ташуу үчүн жүктү кабыл алууда транспорт каражатынын айдоочусу жүк жөнөтүүчүгө инсанын ырастоочу документти, ишеним катын жана жол жүрүү барагын көрсөтөт.

2. Жүк жөнөтүүчү жүктү даярдоого карата жүктү ташуунун коопсуздугун жана сакталышын камсыз кылгандай даярдоого, ошондой эле транспорт каражатынын, контейнердин бузулушуна жол бербөөгө милдеттүү.

3. Жүктү тарада же таңгакта ташуу үчүн көрсөтүүдө жүк жөнөтүүчү ар бир жүк орунун жүктөрдү ташуу эрежелерине ылайык маркировкалоого милдеттүү.

4. Жүк төмөнкү учурларда жүк жөнөтүүчү тарабынан ташуу үчүн көрсөтүлгөн жок деп эсептелинет:

1) жүк ташуу үчүн кечигүү менен берилгенде;

2) жүк ташуу келишиминде белгиленгенден башка жеткирүү пунктуна ташуу үчүн берилгенде;

3) жүк ташуу келишиминде каралбаган жүк ташуу үчүн берилгенде;

4) ташуу үчүн көрсөтүлгөн жүктүн абалынын жүктөрдү ташуунун эрежелеринде белгиленген талаптарга ылайык келбегенде жана жүк жүктөөчү тарабынан жүк ташуу келишиминде белгиленген мөөнөттө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келтирилбегенде.

5. Жүк ташуучу тарабынан ташуу үчүн жүк көрсөтүлбөгөн учурда ташуучу жүк ташуу келишимин аткаруудан баш тартууга жана жүк жөнөтүүчүдөн ушул Мыйзамдын 46-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган айып акыны өндүрүп алууга укуктуу.

6. Жүк ташуу үчүн көрсөтүлгөндө жүк жөнөтүүчү анын баалулугун жарыялоого укуктуу. Баалулугу жарыяланган жүктү ташуу үчүн кабыл алуу жүктөрдү ташуу эрежелеринде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-35)
