32-берене. Жүктү коштогон башка документтер
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 4-глава
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жүктү коштогон кошумча документтерди (ылайык келүү тастыктамасы, ветеринардык жана фитосанитардык тастыктамалар, товарлардын чыккан жеринин тастыктамалары ж.у.с) жол-жоболоштуруунун зарылдыгы каралса, жүк жөнөтүүчү аларды алдын ала жол-жоболоштурууга жана товардык-транспорттук баракчага тиркөөгө милдеттүү. Автомобилдик ташуучу жүктү коштогон кошумча документтердин жол-жоболоштурулуусунун тууралыгын текшерүүгө милдеттүү эмес. Жүктү коштогон кошумча документтер жоголгон же талаптагыдай пайдаланылбаган учурда автомобилдик ташуучуга мүлктүк жоопкерчилик жүктөлөт.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-32" title="32-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>