# 31-берене. Товардык-транспорттук баракча

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278717..1278718>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 31-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-31

---

Товардык-транспорттук баракча расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү так отчеттуулуктун жана бирдей формадагы бланк болуп саналат. Эгерде жүктү автомобилдик ташуу келишиминин тараптары башкача каралбаса, товардык-транспорттук баракчаны толтуруу милдети жүк жөнөтүүчүгө жүктөлөт. Товардык-транспорттук баракчада жүктөрдү ташуулардын эрежелеринде каралган бардык зарыл маалыматтар көрсөтүлөт. Жүктү автомобилдик ташуу келишиминин тараптары товардык-транспорттук баракчага зарыл болгон же зарыл деп таанылган ар кандай башка маалыматтарды киргизиши мүмкүн. Жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда эл аралык үлгүдөгү товардык-транспорттук баракча түзүлөт. (КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-32)
