30-берене. Жүктөрдү автомобилдик ташууну жол-жоболоштуруу
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 4-глава
Товардык мүнөздөгү жүктөрдү автомобилдик ташуу товардык-транспорттук баракча менен жол-жоболошотурулат. Товардык-транспорттук баракча менен жол-жоболошотурулбаган товардык мүнөздөгү жүктөр автомобилдик ташууга кабыл алынбоого тийиш. Товардык эмес мүнөздөгү жүктөрдү (топуракты төгүү, карды жана алар боюнча кампалык эсеп жүргүзүлбөгөн башка жүктөрдү) автомобилдик ташуу ченөө актысы же таразалоо актысы менен жол-жоболоштурулушу мүмкүн. Мындай актыларды түзүүнүн тартиби, ошондой эле товардык эмес мүнөздөгү жүктөрдү кабыл алуунун жана өткөрүп берүүнүн тартиби жүктөрдү ташуу эрежелери менен белгиленет.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
30-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-30" title="30-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>