# 29-берене. Жүк ташуу келишимин түзүү

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278719..1278720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 29-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-29

---

1. Жүк ташуу келишимин түзүү товардык-транспорттук баракча менен ырасталат. Эгерде жүк ташуу келишиминде башкача каралбаса, товардык-транспорттук баракча жүк жөнөтүүчү тарабынан түзүлөт.

2. Товардык-транспорттук баракчанын толтуруунун формасы жана тартиби жүктөрдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

3. Товардык-транспорттук баракча толтурулбаган жүк ташуучу тарабынан ташуу үчүн кабыл алынбайт.

4. Жүк ташууну тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу максатында, жүк жөнөтүүчү товардык-транспорттук баракчага санитардык, бажылык, карантиндик эрежелерде каралган документтерди, ошондой эле тастыктамаларды, сапат паспортторун жана күбөлүктөрдү тиркеп коюуга милдеттүү.

5. Жүк ташуу келишими ташуучу тарабынан тапшырыкты аткарууга карата кабыл алуунун аркасында, ал эми жүк ташууларды уюштуруу жөнүндө келишим болгондо жүк жөнөтүүчүнүн табыштамасынын аркасында түзүлүшү мүмкүн.

6. Тапшырыктын, табыштаманын милдеттүү реквизиттери жана аларды жол-жоболоштуруунун тартиби жүктөрдү ташуу эрежелери менен белгиленет.

(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-30)
