# 28-берене. Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу эрежелерине карата талаптар

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278722..1278723>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 28-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-28

---

Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу эрежелери менен төмөнкүлөр аныкталат:

1) жүргүнчүлөр менен жол жүгүн үзгүлтүксүз жана үзүл-кесил автомобилдик ташууларды уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун, жүргүнчүлөрдү ташуунун үзгүлтүксүз каттамдарын ачуунун жана жабуунун тартиби, автобустардын техникалык жана санитардык абалына, тышкы жасалгаланышына жана жабдууларына карата талаптар;

2) үзгүлтүксүз автобустук каттамдарды тейлөө укугуна сынактарды уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби;

3) автобус каттамдарында автобустардын ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу;

4) жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун жана жүзөгө ашыруунун тартиби;

5) эл аралык катнашууда жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууларды уюштуруу;

6) станциялык курулмаларга карата талаптар жана алардын иштөө тартиби;

7) жүргүнчүлөрдү ташууда билеттердин жана жол жүгүнүн дүмүрчөктөрүнүн формасы, аларды сатуунун тартиби жана колдонуу мөөнөттөрү; билеттерди кайтаруунун шарттары жана алардын нарктары;

8) жол жүгүн кабыл алуунун, ташуунун, сактоонун жана берүүнүн тартиби;

9) автотранспорт кызматтарын аткаруучулардын жана керектөөчүлөрдүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;

10) үзгүлтүксүз автобус каттамдарында жана жеңил таксилер менен ташууда жүргүнчүлөрдү отургузуунун жана түшүрүүнүн пункттарын жасалгалоого жана күтүүгө карата талаптар;

11) жүргүнчүлөрдү ташуулардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптар;

12) автотранспорт ишине тиешелүү башка талаптар.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-29)
