# 27-берене. Станциялык курулмалардын ишин уюштуруу жана жөнгө салуу

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 27-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-27

---

1. Станциялык курулмалар чарбалык субъекттерге (ташуучуларга) жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүү боюнча агенттин милдетин аткарат.

2. Станциялык курулмалардын ишин жөнгө салуу аларга бекитилип берүүчү автобус каттамдарынын тизмегин бекитүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз станциялык курулмаларды долбоорлоого, курууга жана башка жерге көчүрүүгө жол берилбейт.

4. Станциялык курулмалар менчиктештирилген учурда ээлик кылуучу бул объекттин баштапкы багытын сактап калууга жана аны арналышы боюнча пайдаланууга тийиш.

5. Баштапкы багытын өзгөрткөн же арналышы боюнча эмес пайдаланган учурда объект мамлекеттин менчигине өтөт, мында мамлекет бул объекттин менчиктештирүү учурундагы наркын кайтарып берет.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-28)
