27-берене. Станциялык курулмалардын ишин уюштуруу жана жөнгө салуу
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Станциялык курулмалар чарбалык субъекттерге (ташуучуларга) жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын көрсөтүү боюнча агенттин милдетин аткарат.
2. Станциялык курулмалардын ишин жөнгө салуу аларга бекитилип берүүчү автобус каттамдарынын тизмегин бекитүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
3. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуусуз станциялык курулмаларды долбоорлоого, курууга жана башка жерге көчүрүүгө жол берилбейт.
4. Станциялык курулмалар менчиктештирилген учурда ээлик кылуучу бул объекттин баштапкы багытын сактап калууга жана аны арналышы боюнча пайдаланууга тийиш.
5. Баштапкы багытын өзгөрткөн же арналышы боюнча эмес пайдаланган учурда объект мамлекеттин менчигине өтөт, мында мамлекет бул объекттин менчиктештирүү учурундагы наркын кайтарып берет.
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-27" title="27-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>