# 26-берене. Сактоонун акыркы мөөнөттөрү өткөндө жол жүгүн, табылган (унутулуп калган) буюмдарды тескөө

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 26-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-26

---

1. Жүргүнчү же жол жүгүн алууга ыйгарым укуктуу адам ташуучуга көз каранды болбогон себептер боюнча жол жүгүн албай калса, ташуучу аны жетүү пунктундагы станциялык курулмага же ташуучунун администрациясына сактоого өткөрүп берүүгө милдеттүү, алар аны мөөрлөп бекитүүгө жана келген күндөн тартып токсон күндүн ичинде сактоого милдеттүү, ал эми бул мөөнөт өтүп кеткенде көрсөтүлгөн буюмдар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жалпы негиздерде сатылат.

2. Табылган (унутулуп калган) буюмдарды кабыл алуунун, сактоонун, берүүнүн жана сатуунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-27)
