# 25-берене. Жалпы пайдалануудагы транспорт менен ташуулардын убагында жүргүнчүлөрдүн айрым категориялары үчүн артыкчылыктар

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 25-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-25

---

1. Жүргүнчүлөрдүн айрым категорияларынын төмөнкүдөй артыкчылыктары бар:

1) автобуска, таксиге кезексиз отуруу укугу;

2) автобустун алдыңкы бөлүгүндө атайын орундарды бөлүп берүү;

3) билеттерди кезексиз сатып алуу укугу.

Көрсөтүлгөн артыкчылыктардан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары жана аларга теңештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, пенсионерлер, кош бойлуу аялдар, мектепке чейинки курактагы балдары бар жүргүнчүлөр пайдаланышат.

2. Станциялык курулмаларда айрым жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн төмөнкүлөр түзүлөт:

1) балдары бар жүргүнчүлөргө жана кош бойлуу аялдарга кошумча кызматтарды көрсөтүү үчүн эне жана бала бөлмөсү;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды отургузуу жана түшүрүү үчүн түзүлүштөр.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-26)
