# 23-берене. Балдардын уюшулган топторун ташуу

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 23-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-23

---

1. Балдардын уюшулган топторун ташуу экиден кем эмес эшиги бар, техникалык абалы Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарга жооп берген автобустар менен жүзөгө ашырылат.

2. Балдардын уюшулган топторун ташуу үчүн арналган автобустар сары түстөгү өчүп - күйүп турган маяк менен жабдылууга тийиш. Бул автобустардын алдында жана артында "Балдар" деген айырмалоо белгилери тагылууга тийиш.

3. Эки же андан көп автобустардын колоннасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын автомобилдери менен коштолуп жүрүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-24)
