# 22-берене. Үзүл-кесил катнашууда автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууларды уюштуруу

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 22-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-22

---

1. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзүл-кесип автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу ташуучуларга ташуу келишиминде алдын ала айтылган атайын бөлүнгөн аянттардан жүргүнчүлөрдү отургузууга жана станциялык курулмалардын аймагында жана бара жаткан жолдо жүргүнчүлөрдү отургузууга жол бербөөгө уруксат берилет.

2. Жүргүнчүлөрдү үзүл-кесил ташууда айдоочунун же топтун жетекчисинин колунда автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген үлгүдөгү бланктагы жана жооптуу кызмат адамы тарабынан ырасталган жүргүнчүлөрдүн тизмеси болууга тийиш.

3. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзүл-кесил автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруучу ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул Мыйзамдын 21-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-4-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды аткарууну камсыз кылууга;

2) айдоочулардын рейске чейинки медициналык кароодон жана автотранспорт каражаттарынын техникалык жана эксплуатациялык кароодон өткөндүгү жөнүндө белгиси бар жол жүрүү барагы болууга.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-23)
