21-берене. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташууларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2023 года № 147
1. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулар, эгерде:
1) автомобиль жолдорунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү белгилүү бир каттамдар боюнча автобустардын үзгүлтүксүз кыймылын жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берсе;
2) автомобиль жолдорунун абалы жана алардын жабдылышы жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарына ылайык келсе уюштурулушу мүмкүн.
2. Шаардык, шаар четиндеги жана шаарлар арасында жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулар ал ташууларды тейлөө укугуна сынакта жеңип алган, аларды тейлөөгө тиешелүү күбөлүк алган жана сынактын уюштуруучусу (заказчысы) менен утуп алган каттамдарды тейлөөгө контракт түзгөн ташуучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Шаар четиндеги жана шаарлар арасындагы катнаштарда жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулар станциялык курулмалар менен ташуучулардын ортосунда түзүлгөн жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча келишимдерге ылайык станциялык курулмалардан жүзөгө ашырылат. Автобус каттамдары боюнча жүргүнчүлөрдү ташуулар автобустардын кыймылын ырааттама боюнча жана билеттик тутум боюнча гана жүзөгө ашырылат. Станциялык курулмалар билеттерди жана жол жүгүнүн дүмүрчөктөрүн сатууну уюштурат.
4. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн үзгүлтүксүз автомобилдик ташууну жүзөгө ашыруучу ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) автотранспорт каражаттарынын ээлери менен жүргүнчүлөрдү ташууларды жүзөгө ашырууга ишенимдүү башкаруу келишимин түзүүгө;
2) белгиленген техникалык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрткө каршы коопсуздуктун талаптарына ылайык келген автотранспорт каражаттарынын техникалык оң абалын камсыз кылууга, аларды каттамга жол, билеттик-эсепке алуу барагы жок жана тиешелүү кийим-кечеси (өзүнүн фирмалык белгилери жана аталышы) менен шаардык, шаар четиндеги же шаарлар аралык каттамдардын түрлөрүн тейлөөнүн айырмалоо белгилери жок автотранспорт каражаттарынын каттамга чыгышына жол бербөөгө;
3) айдоочулардын жыл сайынкы медициналык кароосун жана рейске чейинки күн сайынкы медициналык күбөлөндүрүүсүн өткөрүүнү, алардын эмгек жана эс алуу режимин сактоосун, ошондой эле автотранспорт каражаттарынын техникалык жана эксплуатациялык кароосун камсыз кылууга;
4) жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууга, аларга зарыл ыңгайлуулуктарды жана тейлөөнүн шарттарын түзүп берүүгө;
5) жүргүнчүлөрдү өз убагында жеткирүүнү жана жол жүгүнүн сакталышын камсыз кылууга;
6) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууга тарифтерди өз убагында жарыялоону жүзөгө ашырууга, аларды келишимдерде, жол жүрүү документинде (билетте) жана кол жүгүнүн дүмүрчөгүндө белгилөөгө;
7) жарыяланган тарифтерди сактоого жана тарифтердин алдыдагы өзгөрүшү жөнүндө жүргүнчүлөргө өз убагында маалымдоого;
8) жарандардын айрым категорияларын акысыз жеткирүүнү жүзөгө ашырууга же аларга жүрүүгө акы төлөө боюнча башка жеңилдиктерди берүүгө;
9) автомобиль ташуучусуна көз каранды болгон жагдайлар боюнча жүргүнчүлөрдү автомобилдик ташуу үзгүлтүккө учураган учурда жүргүнчүлөрдү баруучу пунктуна жеткирүүнү камсыз кылууга.
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"Редакцияларды салыштыруу
25.07.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…автомобилдик ташуулар ал ташууларды тейлөө укугуна сынакта алынып салынды: (тендерде) жеңип алган, аларды тейлөөгө тиешелүү күбөлүк алган жана сынактын … учурда жүргүнчүлөрдү баруучу пунктуна жеткирүүнү камсыз кылууга.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-октябрындагы № алынып салынды: 99 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 99, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-21" title="21-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>