# 20-берене. Ташуучунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 20-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-20

---

1. Ташуучу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) өзүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында коомдук бирикмелерди, ошондой эле ассоциациялар (бирликтер) формасында юридикалык жактардын бирикмелерин түзүүгө;

2) коопсуздук жана гигиена талаптарына жооп берген, эс алуунун жана эмгектин шарттарына;

3) автомобиль транспортунда жүргүнчүлөр тарабынан коомдук тартиптин жана жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуунун эрежелеринин сакталышын талап кылууга;

4) Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленген башка укуктарга.

2. Ташуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) автотранспорт каражаттарынын техникалык оң абалын камсыз кылууга жана абалы белгиленген техникалык, экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бербеген автотранспорт каражаттарын каттамга чыгарууга жол бербөөгө;

2) автотранспорт каражаттарынын айдоочуларын алдын ала, мезгилдүү, анын ичинде рейстин алдындагы (алмашуунун алдындагы) медициналык кароону жүргүзүүгө, эмгегинин жана эс алуусунун режиминин сакталышын камсыз кылууга;

3) автомобилдик ташуулардын жана жол кыймылын аткаруунун коопсуздугун, жүргүнчүлөргө зарыл болгон ыңгайлуулуктарды жана тейлөөнүн шарттарын түзүүнү камсыз кылууга.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-21)
