# 19-берене. Жүргүнчүлөрдүн укуктары жана милдеттери

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278719..1278720>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 19-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-19

---

1. Жүргүнчү төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жүргүнчүлөрдү автомобиль ташуулары үчүн ачылган каттам боюнча жүрүүгө жол жүрүү документин (билетти) сатып алууга, автомобиль транспорт каражатындагы билетте көрсөтүлгөн орунду ээлөөгө жана жол жүрүүгө;

2) республика ичинде жети жашка чейинки курактагы бир баланы жана эл аралык ташууларда беш жашка чейинки курактагы бир баланы ага автобуста өзүнчө орун берүү укугу жок өзү менен акысыз ала жүрүүгө;

3) эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, ташуучу тарабынан жүзөгө ашырылуучу эл аралык ташууларда бештен он жашка чейинки курактагы балдарга жол жүрүү документинин (билеттин) толук наркынын элүү пайызын төлөө менен жол жүрүү документин (билетти) сатып алууга;

4) республика ичиндеги каттамдарда (шаардык жана шаар четиндеги каттамдардан тышкары) жетиден он эки жашка чейинки курактагы балдарга жол жүрүү документтерин (билеттерди) жол жүрүү документинин (билеттин) толук наркынын элүү пайызына акы төлөө менен сатып алууга;

5) эгерде ташуучу расписаниеде каралган автобустун ордуна анда жүрүү кымбат турган башка автобус берсе, сатып алынган жол жүрүү документи (билет) боюнча кошумча акысыз жол жүрүүгө, ал эми, эгерде ташуучу жайлуулугу кыйла төмөн автобус берсе - билеттин наркынын айырмасын алууга;

6) ташуу башталганга чейин жол жүрүү документин (билетти) өткөрүп берүүгө, автобус жөнөгөндөн кийин тапшырууга комиссиялык жыйымдарды эсептен чыгарып салуу менен ташуу үчүн төлөнгөн сумманы кайра алууга;

7) кол жүгүн өзү менен акысыз алып жүрүүгө;

8) тариф боюнча төлөөгө жол жүгүн ташууга өткөрүп берүүгө;

9) ташууга өткөрүп берүүдө жол жүгүнүн баалуулугун айтууга.

2. Жүргүнчү төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) үзгүлтүксүз автобустук каттамдарда жүрүү убагында жол жүрүү документи (билети) болууга жана аны жолдун аягына чейин сактоого;

2) коомдук тартипти сактоого;

3) эгерде келишимде башкача каралбаса, айтылган баалуулуктагы жол жүгүн ташууда ташуучунун кызматтарына акы төлөөгө.

(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-20)
