19-берене. Жүргүнчүлөрдүн укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Жүргүнчү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жүргүнчүлөрдү автомобиль ташуулары үчүн ачылган каттам боюнча жүрүүгө жол жүрүү документин (билетти) сатып алууга, автомобиль транспорт каражатындагы билетте көрсөтүлгөн орунду ээлөөгө жана жол жүрүүгө;
2) республика ичинде жети жашка чейинки курактагы бир баланы жана эл аралык ташууларда беш жашка чейинки курактагы бир баланы ага автобуста өзүнчө орун берүү укугу жок өзү менен акысыз ала жүрүүгө;
3) эгерде эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, ташуучу тарабынан жүзөгө ашырылуучу эл аралык ташууларда бештен он жашка чейинки курактагы балдарга жол жүрүү документинин (билеттин) толук наркынын элүү пайызын төлөө менен жол жүрүү документин (билетти) сатып алууга;
4) республика ичиндеги каттамдарда (шаардык жана шаар четиндеги каттамдардан тышкары) жетиден он эки жашка чейинки курактагы балдарга жол жүрүү документтерин (билеттерди) жол жүрүү документинин (билеттин) толук наркынын элүү пайызына акы төлөө менен сатып алууга;
5) эгерде ташуучу расписаниеде каралган автобустун ордуна анда жүрүү кымбат турган башка автобус берсе, сатып алынган жол жүрүү документи (билет) боюнча кошумча акысыз жол жүрүүгө, ал эми, эгерде ташуучу жайлуулугу кыйла төмөн автобус берсе - билеттин наркынын айырмасын алууга;
6) ташуу башталганга чейин жол жүрүү документин (билетти) өткөрүп берүүгө, автобус жөнөгөндөн кийин тапшырууга комиссиялык жыйымдарды эсептен чыгарып салуу менен ташуу үчүн төлөнгөн сумманы кайра алууга;
7) кол жүгүн өзү менен акысыз алып жүрүүгө;
8) тариф боюнча төлөөгө жол жүгүн ташууга өткөрүп берүүгө;
9) ташууга өткөрүп берүүдө жол жүгүнүн баалуулугун айтууга.
2. Жүргүнчү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) үзгүлтүксүз автобустук каттамдарда жүрүү убагында жол жүрүү документи (билети) болууга жана аны жолдун аягына чейин сактоого;
2) коомдук тартипти сактоого;
3) эгерде келишимде башкача каралбаса, айтылган баалуулуктагы жол жүгүн ташууда ташуучунун кызматтарына акы төлөөгө.
(КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"Редакцияларды салыштыруу
24.10.2022 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…(билетти) өткөрүп берүүгө, автобус жөнөгөндөн кийин тапшырууга алынып салынды: жана Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык каралган комиссиялык жыйымдарды эсептен чыгарып салуу менен ташуу үчүн төлөнгөн сумманы кайра алууга;
7) алынып салынды: Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгилеген ченемдердин чектеринде кол жүгүн өзү менен акысыз алып жүрүүгө;
8) тариф боюнча төлөөгө жол … баалуулуктагы жол жүгүн ташууда ташуучунун кызматтарына акы төлөөгө.
кошулду: (КР 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-19" title="19-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>