# 18-берене. Жүргүнчүлөрдү ташуунун милдеттүү шарттары

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 18-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-18

---

1. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууну жүзөгө ашыруучу автотранспорт каражаттарында күйүүчү, жарылуучу, көңүл айнытуучу, ачыштыруучу, ууландыруучу жана сасык заттарды, айбанаттарды жана канаттууларды, автотранспорт каражатын же жүргүнчүлөрдүн кийимдерин булгоочу заттарды (буюмдарды) алып жүрүүгө, ошондой эле автотранспорт каражатынын салонунда жүргүнчүлөр менен жүктөрдү бир убакта ташууга тыюу салынат.

2. Ташуучу автобус менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташууну жүзөгө ашырууда техникалык бузуктуктун себеби боюнча ал каттамдан чыгып калган учурда автобусту өз убагында алмаштырууну же жол жүрүү документинин (билетин) наркынын тиешелүү суммасын кайтарып берүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

3. Ташуучу автотранспорт каражатын күн сайын техникалык жана эксплуатациялык кароодон өткөрүүнү жана айдоочуну рейс алдында медициналык күбөлөндүрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-19)
