# 17-берене. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуунун жалпы шарттары

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278720..1278721>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 17-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-17

---

1. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу жүргүнчүлөрдү ташуу келишимдеринин, ошондой эле заказчынын, ташуучунун жана жүргүнчүнүн ортосунда түзүлүүчү башка келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Ташуучу менен жүргүнчүнүн ортосундагы ташуу келишими жүргүнчү жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражатына жол жүрүү документин (билетти) сатып алган учурдан тартып, ал эми жеңил автомобиль-таксиде таксометр иштетилген учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуунун шарттары, ошондой эле ал ташуулар боюнча тараптардын жоопкерчилиги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.

4. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана кол жүгүн ташуунун, ташуу келишимин түзүүнүн тартиби, автотранспорттогу ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, тапшырыкчынын, ташуучунун жана жүргүнчүнүн милдеттери жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун бирдиктүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-18)
