17-берене. Жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуунун жалпы шарттары
Күчүндө · 04.08.2023 редакциясы · 3-глава
1. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу жүргүнчүлөрдү ташуу келишимдеринин, ошондой эле заказчынын, ташуучунун жана жүргүнчүнүн ортосунда түзүлүүчү башка келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Ташуучу менен жүргүнчүнүн ортосундагы ташуу келишими жүргүнчү жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт каражатына жол жүрүү документин (билетти) сатып алган учурдан тартып, ал эми жеңил автомобиль-таксиде таксометр иштетилген учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет.
3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуунун шарттары, ошондой эле ал ташуулар боюнча тараптардын жоопкерчилиги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
4. Жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана кол жүгүн ташуунун, ташуу келишимин түзүүнүн тартиби, автотранспорттогу ыйгарым укуктуу органдын, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, тапшырыкчынын, ташуучунун жана жүргүнчүнүн милдеттери жана жоопкерчилиги Кыргыз Республикасында автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруунун бирдиктүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 04.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"Редакцияларды салыштыруу
15.02.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…түзүүнүн тартиби, автотранспорттогу ыйгарым укуктуу органдын, кошулду: жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын, тапшырыкчынын, ташуучунун жана жүргүнчүнүн милдеттери жана … тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар менен белгиленет. кошулду: (КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203963/st-17" title="17-берене - Автомобиль транспорту жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>