# 14-берене. Автотранспорт ишин жүзөгө ашырууга жол берүү

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 14-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-14

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдарга ылайык жеке, юридикалык жактарды автотранспорт ишин жүзөгө ашырууга жол берүүнүн бирдиктүү тартиби колдонулат.

2. Автотранспорт ишинин айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга жол берүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жана уруксат (лицензия) менен каралган иштин түрүнө гана берилүүчү уруксаттардын (лицензиялардын) негизинде жүргүзүлөт.

3. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок же башка юридикалык же жеке жактын документтери боюнча автотранспорт каражаттары менен коммерциялык ташууларга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-131)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-15)
