# 131-берене. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278720..1278721>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 131-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-131

---

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) автомобиль транспортунда коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

2) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү сакталышын өз компетенциясынын чегинде контролдоону уюштурат жана жүзөгө ашырат;

4) автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү эл аралык ташууну кошпогондо автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;

5) жүргүнчүлөрдү автомобиль транспорту менен ташууну, автотранспорт каражаттарын техникалык эксплуатациялоону уюштуруу боюнча тармактык эрежелерди өз компетенциясынын чегинде иштеп чыгат;

6) мамлекеттин автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелер жана ассоциациялар (бирликтер) формасындагы юридикалык жактардын бирикмелери менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-13)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-14)
