# 13-берене. Транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компентенциясы

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2023 [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511); 24.10.2022 [Закон Кыргызской Республики от 24 октября 2022 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О железнодорожном транспорте", "Об автомобильном транспорте")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112433)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278722..1278723>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 13-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-13

---

Транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

1) Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат жана ишке ашырат;

2) өз компентенциясынын чектеринде автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууга катышат жана эл аралык уюмдарда жана чет мамлекеттерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына өкүл болот;

3) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды белгиленген тартипте иштеп чыгат;

4) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн эл аралык автомобилдик ташууну жөнгө салат, көрсөтүлгөн ташуулардын каттамдары боюнча кыймылдын расписаниесин макулдашат, ошондой эле эл аралык автомобиль катнашы жөнүндө эл аралык макулдашуулардын талаптарына ылайык жүктөрдү ташууну жөнгө салат;

5) жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана жол жүгүн шаарлар арасында, шаар четиндеги жана шаардык автомобилдик ташууларды жөнгө салат, көрсөтүлгөн каттамдар боюнча автобустардын кыймылынын схемасын жана расписаниесин мамлекеттик администрациянын жергиликтүү органдары менен макулдашат, автобустук каттамдарды тейлөө укугуна сынактарды (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) уюштурат жана өткөрөт жана ташуучуга бекитип берет;

6) областтардын мамлекеттик администрациялары менен макулдашуу боюнча областын ичиндеги катнаштагы шаар чегиндеги, шаарлар арасындагы автобустук каттамдарды ачууну, жабууну жүзөгө ашырат, бул каттамдардагы кыймылдын расписаниесин жана схемасын иштеп чыгат жана берет;

7) жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн шаар четиндеги жана шаарлар арасындагы үзгүлтүксүз автомобилдик ташуулардын каттамдык түйүнүн бекитет;

8) автомобиль транспорту менен, анын ичинде санариптик форматта жүк ташуу жана жүргүнчүлөрдү эл аралык ташуу боюнча ишкердик ишти лицензиялоону жүзөгө ашырат;

9) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоонун үстүндө өз компетенциясынын чегинде контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;

10) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү коомдук бирикмелер жана ассоциациялар (бирликтер) формасындагы юридикалык жактардын бирикмелери менен мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат;

11) жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү автомобиль транспорту менен ташууларды, автотранспорт каражаттарын техникалык эксплуатациялоону, автотранспортто эмгек жана коопсуздук техникасын коргоону уюштуруу, айдоочулардын эмгегин жана эс алуусун уюштуруу боюнча тармактык эрежелерди өз компентенциясынын чектеринде иштеп чыгат;

12) авто ташуучулардын жана станциялык курулмалардын реестрин (тизмегин) жүргүзөт;

13) илимий-изилдөөчүлүк институттарды жана автомобиль транспортунун уюмдарын түзүүнү жана иштөөсүн камсыз кылат;

14) чет мамлекеттин аймагынан өтүүгө эл аралык автомобилдик ташууларды аткарууда Кыргыз Республикасынын аймагынан үчүнчү өлкөдөн (өлкөлөрдөн) ташууларга ата мекендик ташуучуларга уруксаттарды берүүнү камсыз кылат.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 24-октябрындагы № 99, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-12)  
Кийинки берене: [131-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-131)
