# 12-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин автомобиль транспортунда жөнгө салуу жана башкаруу боюнча компетенциясы

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 12-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-12

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгат;

2) автомобиль транспорту чөйрөсүндө эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырат;

3) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташууларды жүзөгө ашырууда автотранспорт каражаттарынын өтүү тартибин аныктайт;

4) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча автотранспорт каражаттары менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү, анын ичинде кооптуу, оор салмактуу, ири габариттүү жүктөрдү жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын ташуунун эрежелерин жана автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды бекитет;

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-майындагы № 311 "Кыргыз Республикасында автотранспорт каражаты менен жүк ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому; КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 198 "Автомобиль транспорту менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому; КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 60 "Автомобиль транспорту менен ири өлчөмдөгү жана оор салмактагы жүктөрдү ташуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

5) өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга ташуучуларды тартуунун тартибин аныктайт;

6) мамлекеттик муктаждыктар үчүн автомобиль ташууларын аткарууга заказды (ташууларды уюштуруу жөнүндө келишимди) же калк үчүн социалдык маанилүү автомобиль ташууларын түзөт (бул милдеттер белгилүү бир ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга же администрациялык-аймактык бирдиктердин жетекчилерине берилиши мүмкүн);

7) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортун мамлекеттик колдоону инвестициялык, бажылык, салыктык жана автомобиль ташууларынын белгилүү бир түрлөрүн аткарууга автомобиль ташуучуларын кызыктыруучу жана социалдык маанилүү ташууларды аткарууну камсыз кылууга багытталган башка чаралардын комплекси түрүндө аныктайт;

8) жеңилдиктер менен жүрүүгө укугу бар жүргүнчүлөрдү ташуу менен байланышкан ташуучулардын сарптоолорун компенсациялайт;

9) автотранспорт каражаттарын мамлекеттик техникалык кароону жүргүзүүнүн эрежелерин бекитет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-13)
