# 10-берене. Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу жана контроль

- Документ: [Автомобиль транспорту жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203963)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлундагы № 154 "Автомобиль транспорту жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 04.08.2023 [Закон Кыргызской Республики от 4 августа 2023 года № 163 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственного контроля в пунктах пропуска на Государственной границе Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112656); 15.02.2023 [Закон Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере безопасности дорожного движения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112511)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963#diff=1278723..1278724>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4891/edition/1278716/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203963/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Автомобиль транспорту жөнүндө, 10-берене (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-10

---

1) Автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу автомобиль транспорту жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын укуктук камсыз кылуу, лицензиялоо, техникалык жөнгө салуу, көзөмөлдү жүзөгө ашыруу жолу менен бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү менен жүзөгө ашырылат.

2) Автомобиль транспорту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын мамлекеттик контролдоо автомобиль транспорту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенцияларынын чектеринде жүзөгө ашырылат.

3. Автомобиль транспорту жана автомобиль жолдору жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында автотранспорт каражаттарынын өтүшүнө мамлекеттик контроль бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген компетенциянын чегинде жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2023-жылдын 4-августундагы № 163 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203963/st-11)
