# Закон КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 153 ""Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Закон КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 153 ""Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 153
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203962>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4890/edition/477751/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203962.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Закон КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 153 ""Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (19.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203962

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2013-жылдын 19-июлу № 153

"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203962/st-1)

"Айрым мамлекеттердин жарандары үчүн 60 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режим киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2732-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: аталган Мыйзамдын тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 45-пункт менен толукталсын: "45. Япония".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203962/st-2)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Япониянын ыйгарым укуктуу органына ушул Мыйзамдын кабыл алынганы жана анын жарандарына карата 60 күнгө чейинки мөөнөткө бир тараптуу визасыз режим киргизилгени жөнүндө кабарласын.

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203962/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
