# 1-берене

- Документ: ["Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/203961)
- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 19-июлундагы № 152 ""Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 31.05.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112596)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203961/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4889/edition/1256937/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203961/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (31.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203961/st-1

---

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 55-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"55-статья. Көз карандысыз аудитор

Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити көз карандысыз аудитор тарабынан 3 жылда бир жолу жүзөгө ашырылат. Аудит жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы бар көз карандысыз аудитор Эсептөө палатасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан дайындалат. Көз карандысыз аудиторду тандоо тендердик негизде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат. Бир эле аудитор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан катары менен экиден ашык бекитилүүгө тийиш эмес. Көз карандысыз аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралат.".

2. 56-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугуна жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин натыйжасы Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан каралат жана ал боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.".

3. 57-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити жөнүндө отчет финансылык отчеттуулукка таандык болгон календардык жылдан кийинки жылдын 20-июнунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүгө тийиш.".

4. 58-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203961/st-2)
