Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Конституционный Закон КР от 31 мая 2023 года № 114 "О Счетной палате Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-05-31.
КР 2023-жылдын 31-майындагы N 114 Конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2013-жылдын 19-июлу № 152
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 531-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 55-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55-статья. Көз карандысыз аудитор
Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити көз карандысыз аудитор тарабынан 3 жылда бир жолу жүзөгө ашырылат. Аудит жүргүзүүгө тиешелүү лицензиясы бар көз карандысыз аудитор Эсептөө палатасынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан дайындалат. Көз карандысыз аудиторду тандоо тендердик негизде мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат. Бир эле аудитор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан катары менен экиден ашык бекитилүүгө тийиш эмес. Көз карандысыз аудитордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралат.".
2. 56-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугуна жүргүзүлгөн көз карандысыз аудиттин натыйжасы Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан каралат жана ал боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.".
3. 57-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Эсептөө палатасынын финансылык отчеттуулугунун аудити жөнүндө отчет финансылык отчеттуулукка таандык болгон календардык жылдан кийинки жылдын 20-июнунан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берилүүгө тийиш.".
4. 58-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 31.05.2023 · № 114
- Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндөЗакон · 13.08.2004 · № 117 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 31-майындагы № 114 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" конституциялык МыйзамыКонституционный Закон · 31.05.2023 · № 114