Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-08-10.
КР 2018-жылдын 10-августундагы N 89 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 17-июлу № 149 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
1-берене
1-берене.
(КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 5, 157-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
19-3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "19-3-статья. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр
1. Пайдалуу кендерди (көмүрдү, сымапты, минералдык жана термалдык сууларды жана курулуш материалдар катары, анын ичинде курулуш материалдарын чыгарууда чийки зат катары колдонулуучу пайдалуу кендерди кошпогондо) иштетүүнү (казып алууну) жүзөгө ашыруучу жана катталган жерине карабастан пайдалуу кендердин табылган жери боюнча областтардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү жүргүзүүчү жеке же юридикалык жак жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдүн төлөөчүсү (мындан ары төлөөчү) болуп саналат.
2. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр областтардын, райондордун өнүктүрүү фонддоруна жана тиешелүү жергиликтүү бюджеттерге пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн кыйыр салыктарды эсепке албастан, 2 пайыз өлчөмүндө, отчеттук айдан кийинки айдын 20сына чейин төлөнөт.
3. Эгерде субъект казылып алынган пайдалуу кендерди кайра иштетүүнү жана алардан продукция чыгарууну өз алдынча жүзөгө ашырса, жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү жана күтүү үчүн чегерүүлөр аларды кайра иштетүү менен байланышкан чыгымдарды чыгарып салуу менен пайдалуу кендерди сатуудан түшкөн акчанын иш жүзүндөгү көлөмүнөн жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде кен чыккан жер ар башка райондорго кирген эки же андан ашык айылдык аймактардын аймагында жайгашкан учурда, төлөөчү эсептик каттоодон өтүүнү ар бир райондун салык органында жүзөгө ашырат, чегерүүнүн суммасы ошол же башка райондо жайгашкан ээленген аянтка пропорциялуу төлөнөт.
Токой фондунун жерлеринин же запастагы жерлердин аймактарында жайгашкан пайдалуу кендерди сатуудан чегерилүүчү жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө арналган каражаттар толук көлөмдө районду өнүктүрүү фондунун эсебине жиберилет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү тизмекке ылайык алтындын запасы 50 тоннадан ашыкты түзгөн жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- 50 пайыз - областы өнүктүрүү фондуна;
- 30 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;
- 20 пайыз - пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.
Алтындын запасы 50 тоннадан азды түзгөн кен чыккан жерлер боюнча чегерүүлөр төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- 80 пайыз - районду өнүктүрүү фондуна;
- 20 пайыз - пайдалуу кендердин чыккан жери боюнча тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебине.
6. Алтындан тышкары башка пайдалуу кендер чыккан жерлер боюнча:
- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине киргизилген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5-бөлүгүнүн 1-4-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт;
- жалпы мамлекеттик маанидеги кен чыккан жерлердин тизмегине кирбеген жерлер боюнча чегерүүлөрдү эсепке киргизүү ушул берененин 5-бөлүгүнүн 5-7-абзацтарына ылайык жүргүзүлөт.
7. Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө багытталган каражаттарды башка максаттарга колдонууга жол берилбейт.
Региондорду өнүктүрүү фондунун каражаттарын максатсыз пайдаланууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".
3-берене.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин региондорду өнүктүрүү фондуна жөнөтүлгөн каражаттар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бөлүштүрүлөт.
4-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 202 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдагы иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин отчету тууралуу" токтомуПостановление · 08.04.2014 · № 202 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.12.2017 · № 793 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексин колдонууга киргизүү тууралууЗакон · 10.08.2018 · № 89
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон