# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203957)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 148
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.08.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 8 августа 2023 года № 168 "О государственной монополии на производство, импорт, хранение и реализацию этилового спирта и государственном регулировании производства алкогольной продукции"](https://aqlex.ai/kg/doc/112645)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203957/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4885/edition/1276996/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203957/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1-берене (08.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203957/st-1

---

"Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 9, 856-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 7-беренеде:

2-бөлүгүнүн сегизинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык акциздик салыкты төлөө менен лицензия алган күндөн тартып он эки айдын ичинде 200,0 миң далдан кем эмес этил спиртин өндүрүүнү камсыз кылуу. Этил спиртин өндүрүү боюнча ушул талап алкоголдук жана азыктык продукцияларды чыгаруу менен байланышпаган, этил спиртин медициналык, ветеринариялык, техникалык жана башка максаттарда пайдалануучу атайын керектөөчүлөр жана субъекттер үчүн арналган этил спиртин өндүрүүгө жайылтылбайт."; 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык акциздик салыкты төлөө менен лицензия алган күндөн тартып он эки айдын ичинде 50,0 миң далдан кем эмес арак өндүрүүнү камсыз кылууну.".

2. 13-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "100 метр радиустагы" деген сөздөр алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203957/st-2)
