# КР 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 ""Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 ""Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 147
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2013
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203956>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4884/edition/643113/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203956.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2013-жылдын 17-июлундагы № 147 ""Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.04.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203956

---

КР 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 72 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 17-июлу № 147 "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203956/st-1)

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 409-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. Преамбуланын биринчи абзацындагы "жана экономикалык" деген сөз ", экономикалык жана техникалык" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. 8-статьянын 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 10-статьяда:

3-пункттагы "Мамлекеттик" деген сөз "Ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 4-пункттагы "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 13-статьянын 5-пунктунун үчүнчү абзацындагы "Мамлекеттик" деген сөз "ыйгарым укуктуу мамлекеттик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. 14-статьяда:

1-пункттун үчүнчү абзацы "Ыйгарым укуктуу" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын; 4-пункттагы "сунуш кылууга же" деген сөздөр "сунуш кылууга жана" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 6-пункттагы "жергиликтүү бийлик" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 38-статьянын 2-пунктунун сегизинчи жана тогузунчу абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203956/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев
